Ошто синтетикалык баңгизатты сатууга жана колдонууга шектүү 5 жаран кармалды

 Ошто синтетикалык баңгизатты сатууга жана колдонууга шектүү 5 жаран кармалды

Ош шаарынsy Алиева көчөсүндө жайгашкан үйлөрдүн биринде баңгизат сатуучу жай уюштурууга шектелип бир жаран, ошол эле жерге синтетикалык баңгизатты пайдаланууга келген деген шек менен дагы төрт жаран кармалды. Бул тууралуу Ош шаардык ички иштер башкармалыгынан билдирди. 

Маалыматка ылайык, 29-мартта шаардагы Алиева көчөсүндө жайгашкан үйлөрдүн биринен, шектүү беш кармалган. Алардын бири аталган үйдүн жашоочусу 44 жаштагы И.А аттуу жаран тарабынан синтетикалык наркотикалык заттар сатылып жаткандыгы аныкталган. Калгандары шектүүдөн синтетикалык баңгизатты пайдалануу үчүн  келгендигин көрсөтүшкөн.

Кармалгандар, 1990-жылы туулган С.Э., 1983-жылы туулган К.Н., 1983-жылы туулган К.Р. жана 1978-жылы туулган Б.Ж.. Баары Ош шаарынын тургундары экендиги аныкталган.

“Шектүүнүн жанынан салмагы 0.5 граммды түзгөн синтетикалык баңгизат алынган. Ал эми шектүү жашаган турак-жайды тинтүү учурунда атайын боек чачууда кийүүчү кол каптар, электрондук даректер оюлуп жазылган трафареттер, бир нече боек балондору- кылмышка далил буюмдары катары алынды. Жашыруун баңгизаттарды сатуучу жай (притон) уюштурганга шектүү катары үйдүн 44 жаштагы жашоочусу убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Баңгизаттарды таратуу үчүн жашыруун жай уюштургандыгы үчүн кылмыш кодексинин 290-беренесинин (Баӊгизат каражаттарын, психотроптук заттарды, алардын аналогдорун колдонуу үчүн көмүскө жайларды уюштуруу же кармоо) белгилери менен тергөө иштери жүрүп жатат. Дарек боюнча кармалышкан калган 4 жаранга баңгизаттарды пайдаланганбы, жокпу аныктоо максатында  атайын экспертиза дайындалды. Учурда бул факт боюнча ар тараптуу тереӊ иликтөө иштери жүргүзүлүп жатат”,- деп айтылат маалыматта.

Ош ШИИБнын баӊгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматы ушул жылдын январь, февраль айларында шаардын аймагында белгисиз адамдар дубал беттерине, курулуш объектилерине жана башка көрүнүктүү жерлерге электрондук даректердин жазып жаткандыгы боюнча жаткандыктарына  өзгөчө маани берип, бул  электрондук даректердин ээлерин табуу боюнча ыкчам иш алып бара башташкан.

Ошондой эле, электрондук даректер жазылган баардык жерлер өчүрүлгөн.

Милиция баӊгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматы бардык жарандардан баңгизаттардан сактанууга, дубал беттеринен шектүү даректер болсо кабарлап турууну суранат. Ошондой өз уул-кыздарыӊыздардын жүрүм-түрүмүнан шек санасаӊыз, анын жанынан белгисиз даректер оюлган трафареттерди көрүп калсаӊыздар токтоосуз тиешелүү аракеттерди көрүүнү суранат.  Биздин байланыш телефондор  0700-56-59-69 же 102.

Жанылыктар