Ошто синтетикалык баңгизат сатууга шектелген эки жаран кармалды

 Ошто синтетикалык баңгизат сатууга шектелген эки жаран кармалды

Ош шаарында синтетикалык баңгизат сатууга шектелген эки жаран кармалды. Бул тууралуу ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынан билдирди.

Маалыматка ылайык, милицияга Ош шаарынын аймагында “Г” аттуу аял баңгизаттарды мыйзамсыз сатуу менен алектенип жүргөндүгү тууралуу билдирүү келип түшкөн. Факты КЖКнын 282-бер. 1-бөлүгү боюнча кылмыш иши козголгон.

Анын алкагында атлалган аял киши баңгизат каражаттарды жана психотроптук заттарды Ош шаарынын жашаган жерлери боюнча сатып жүргөндүгү аныкталган.

“Мындан аркы атайын тергөө аракеттеринин жүрүшүндө 5 гр. синтетикалык баңгизаттарды сатуу аракетин жасоо учурунда аталган «Г» жараны кылмышка кошо катышкан Кыргыз Республикасынын жарандары, 1976-ж.т. К. Ш., 1983-ж.т. Т.Н.кармалган”, – деп айтылат маалыматта.

Соттук-медициналык экспертизанын корутундусуна ылайык, алынган затальфа PVP психотроптук заты болуп аныкталган.

Азыркы учурда кылмышка тиешеси бар башка жарандарды аныктоо боюнча ыкчам-тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Жанылыктар