Ошто шаарында уурулукка шектелген жаран кармалды

Ош шаарында кароосуз калган автомашиналардын эшик-терезелерин бузуп, салондун ичиндеги буюмдарды, акчаларды уурдоого шектелген жаран кармалды.
Ош шаардык ички иштер башкармалыгынан билдиргендей, кармалган жаран мурда бир нече жолу түрдүү кылмыштары үчүн соттолгон, 1979-жылы туулган, Жалал-Абад шаарынын тургуну Б.К экендиги алынган.
Шектүү Жалал-Абад шаарынан Ош шаарына келип, уурулук жасап, кайра изин жашырып качып кетип турган. Бүгүнкү күндө шектүү тарабынан 9 ирет автоунааларга уурулук жасагандыгы аныкталды.
Учурда тергөө иштери уланууда.