Ошто селдин кесепеттери толугу менен жоюлду

Ош облусунун аймагында селдин кесепеттери толугу менен жоюлду. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдирди.
Маалыматка ылайык, Корул айыл аймагына караштуу Кең-Жылга айылындагы 264 м3 сел калдыктары тазаланды. Ушул эле аймакка тиешелүү Нооруз тилкесиндеги 80 метр сайдын нугу бурулду. Ал эми Гүлчө айыл өкмөтүндөгү Курманжан Датка айылында 180 метр сайдын нугу тазаланып, 1890 м3 жумуш аткарылды.
Учурда Алай районуна караштуу селден жабыркаган айылдардагы турак үйлөр, короолор жана социалдык объекттер сел калдыктарынан толук тазаланып, айыл тургундары ыраазычылыгын билдиришти.
Үстүбүздөгү жылдын 3-майында Алай районуна караштуу Корул, Жошолу, Коңур-Дөбө жана Гүлчө айыл өкмөттөрүндө нөшөрлөгөн жамгырдын кесепетинен кокту-колоттордо сел жүргөн. Чогулган селдин кесепетинен жалпы район боюнча 294 турак үйдүн короолорун сел каптап, анын ичинен 49 турак үйдүн жана 1 орто мектептин жер төлөөсүнө, 3 турак үйдүн ичине, 1 ФАПтын жана 1 китепкананын короосун каптаган.