Ошто психотроптук дары-дармектерди саткан дарыканалар аныкталды

Ош шаарында дары-дармектерди рецептсиз саткан дарыканаларга текшерүү жүрдү. Бул туурасында Ички иштер министрлигинен билдиришти.
Маалыматта айтылгандай, текшерүүдө үч дарыкана таасири күчтүү дары-дармектерди рецептсиз сатып жатышканы белгилүү болду. Жыйынтыгында дарыкана кызматкерлери: 1991-ж. туулган А.А., жана 1987-ж. туулган К. М., кармалган жана тергөө кызматына жеткирилген.
Текшерүүдө бардыгы болуп психотроптук заттарды камтыган 94 капсула, 82 Флакон дары-дармек каражаттары алынган.