Ошто пара алууга шектелип милиция бөлүмүнүн башчысы кармалды

 Ошто пара алууга шектелип милиция бөлүмүнүн башчысы кармалды

Ош ШИИБдин Акбура шаардык милиция бөлүмүнүн башчысы опузалап пара алып жаткан жеринен кармалды. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматынан билдиришти.

“Ушул жылдын 14-сентябрында кызмат адамдары тарабынан акча талап кылуу фактысын документтештирүү максатында, Ош шаарында 20 миң сом пара алып жаткан жеринен  Акбура шаардык милиция бөлүмүнүн башчысы, милициянын полковниги Т.М.А. кармалды”,-деп айтылат маалыматта.

Кармалган кызматкер тергөө абагынын убактылуу кармоо жайына камалды.

Учурда бул кылмышка тиешеси бар башка жагдайлар жана адамдар иликтенип, тергөө иштери жүрүүдө.

 

 

Жанылыктар