Ошто пахта завод өрттөндү

 Ошто пахта завод өрттөндү

Ош шаарында пахта заводунан өрт чыкты.  Бул тууралуу ОшТВ телеканалынын кабарчысы жеринен билдирди.

Маалыматка ылайык, Ош көчөсүндө жайгашкан заводдун аймагынан өрт чыккандыгы тууралуу маалымат түшкөн. Жалынды өчүрүүгө өрт өчүрүүчүлөр тартылып, чектөөгө  алынды. Өрттү өчүрүү үчүн куткаруу бөлүмүнөн 1 топ тартылып, андан соң кошумча дагы 2 бөлүмчө келген. Өрттөн эч ким жапа чеккен жок. Учурда келип чыгуу себеби жана материалдык чыгымдар такталууда.

Өрт өчүрүүчүлөр февраль айында өрт кырсыктары көбөйгөндүгүн айтууда.  Кечээ күнү эле шаардагы Шакиров жана Закиров көчөлөрүндөгү эки үйдөн өт чыккан. Жыл башынан бери шаар ичинде 18 өрт кырсыгы катталган. Алардын басымдуу бөлүгү турак үйлөрдө. Кыш мезгилинде эскилиги жеткен мештер колдонулуп, анын чубалгыларынан өрт кырсыктары келип чыгууда.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Ош шаардык башкармалыгы жарандарды жылытуучу мештерди этияттык менен мамиле кылуусун жана аларды колдонууда үйлөрдүү кароосуз калтырбоого чакырат.

Жанылыктар