Ошто опузалап акча талап кылган жаран кармалды

Ош облусунда опузалап акча талап кылган жаран кармалды. Бул тууралуу облустук милициянын басма сөз кызматынан билдирди.
Маалыматка ылайык, милицияга Араван районунун 41 жаштагы тургуну арыз менен кайрылган. Анда аны тааныбаган эле адам эч себепсиз коркутуп, опузалап сегиз миң доллар акча каражаттарын талап кылып жаткандыгын билдирген.
Аталган факт 2022-жылдын 11-январында кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталып, Кыргыз Республикасынын 208-берененин негизинде кылмыш иши козголуп, тергөө иштери башталган.
Ош ОИИБдин Кылмыш иликтөө бөлүмүнүн Уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү бөлүмчөсүнүн кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам иш-аракеттеринин жүрүшүндө 2022-жылдын 16-февралында Кара-Суу районунун тургуну 47 жаштагы бир нече жолу соттолгон З.И., атуу жаран кармалып, Араван РИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилген. Учурда тергөө иштери уланууда.