Ошто оор жүк ташуучу унаа оодарылып, алты адам каза болду

Ош Ош облусунун, Кара-Суу районунда «HOWO» үлгүсүндөгү көмүр жүктөгөн оор жүк ташуучу унаа жолдон чыгып, оодарылып 6 адамды басып калды. Бул тууралуу маалыматты Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кабарлады.
Маалыматка ылайык, кулаган унааны кран менен көтөргөндөн кийин 2 аял, 3 кичинекей кыз жана 1 ымыркай каза болгондугу аныкталган.
Жеринде Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен ыкчам топ, 1 кран жана 9 куткаруучу тартылышкан.
Куткаруучулар каза болгон жарандарды унаанын астынан чыгарып, милиция кызматкерлерине өткөрүп беришкен.