Ошто Ооган согушунун курмандыктары эскерилди  

 Ошто Ооган согушунун курмандыктары эскерилди  

Бүгүн Афган согушунун аяктаганына 33 жыл толду. Бул датага карата Ош шаарында апаатта курман болгон  жоокерлер эскерилди. Салтка айланган эскерүү саамалыгы Афган согушуна арналып тургузулган мемориалдык комплексинде өттү. Ага ооган ардагерлери, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жана Россия Федерациясынын консулу катышты.

Иш –чарада курман болгон жоокерлерге багышталып  куран окулуп,  аскерий-саясий окуянын тарыхый  орду белгиленди.

Кандуу согушка Ош шаарынан  751 жоокер барып, бүгүнкү күндө 363 ардагер  калды. Ал эми, Советтик Кыргызстандан жалпы 7 миңден ашуун аскер жөнөтүлсө 248 жоокер мекенине кайтпаган.

Афганистандагы жарандык согушта өзүнүн интернационалдык милдетин аткаруу үчүн дээрлик он жыл бою кан кечип, согушуп келген советтик жоокерлер бул өлкөдөн 1989-жылы 15-февралда чыгарылган.

Бүгүнкү күндө ооган ардагерлерине  жеңилдиктер каралып, ай сайын 7000  сомдон атайын жөлөк пул чегерилет.

Жанылыктар