Ошто Ооган согушунун курмандыктары эскерилди

Бүгүн, 15-февралда Ош шаарында интернационалист-жоокерлерге арналган мемориалдык комплексте Ооганстандан Советтик аскерлердин чыгарылгандыгынын 34 жылдыгына арналган иш-чара өттү.
Ага бийлик өкүлдөрү, интернационалисттер, ардагерлер жана курман болгондордун жакындары катышты.
Иш-чарада катышуучулар мемориалдык комплекстеги өчпөс отко гүл коюшуп, асманга ок атылды. Ошондой эле курман болгон интернационалист-жоокерлердин элесине багышталып куран окулду.
Белгилесек, Ош шаарынын мэриясы ооган ардагерлерине материалдык жардам катары 240 миң сом бөлгөн.
Ооганстандагы аскердик операциялар 1979-жылдан 1989-жылга чейин созулган. Советтик аскерлердин Ооганстандан чыгарылгандыгына быйыл 34 жыл болду. Бүгүнкү күндө Ош шаарында 368 интернационалист-жоокер жашайт.