Ошто “Нур ТВ” телеканалынын оператору токмоктолду

 Ошто “Нур ТВ” телеканалынын оператору токмоктолду

“Нур ТВ” телеканалынын оператору Темирлан Эрнист уулу Ош шаардык мэриясынын имаратында токмоктолду. Бул тууралуу  аталган телеканалдын журналистти Даткабек Шабданбеков билдирди. 

Анын айтымында, журналист Рыспай Мажит уулу менен оператору Темирлан Эрнист уулу вице-мэр Жасур Азимовдон интервью алганы барышкан. Вице-мэрдин  кабылдамасында турушканда операторго ошол жерде кезек күтүп турган жаран кол салган.

“Оозу айрылып кетиптир. Алар азыр милицияга арыз жазышты. Алар вице-мэр Жасур Азимовдун кабылдамасында турган. Алар кирип чыксак кандай болот деп суранса, жок биз киребиз деген. Анда күтүп туралы десе сөгүптүр. Анан операторго кол салып уруптур”,- деди Шабданбеков.

Журналист Рыспай Мажит уулу операторду урган жаран Жогорку Кеңештин депутаты Айбек Осмоновдун “Баялы”  аттуу жээни болушу мүмкүн экенин айтты. Бирок бул маалымат азыр тактала электигин да билдирди.

Ош шаардык ички иштер башкармалыгы окуяны териштирүү үчүн милиция кызматкерлери жөнөтүлгөнүн кошумчалады.

Жанылыктар