Ошто мыйзамсыз курулуш жүргүзгөн жеке жана юридикалык жактардын тизмеси такталат

Ош шаарынын мэри Бакытбек Жетигенов мыйзамсыз курулуштар боюнча тиешелүү кызматтардын жетекчилери менен жыйын өттү.
Калаа башчысы жыйындын жүрүшүндө мыйзамсыз курулуп жаткан объектилерди бардыгы тактала турганын белгиледи.
«Кечээ коомчулук Шакиров көчөсүндөгү мыйзамсыз объектилердин маселесин көтөрдү. Тез аранын ичинде бул объектти жана шаардагы бардык мыйзамсыз курулуштарды тийиштүү текшерүүдөн өткөрүү зарыл. Биз мыйзамсыз аракеттерге каршы туруу үчүн болгон мүмкүнчүлүктөрдү колдонушубуз керек. Курулуш компаниялары эмне үчүн мынчалык өз билемдик менен мамиле жасашат?
Эч кимди калкалоо болбойт. Бүгүнтөн баштап мыйзамсыз курулуп жаткан объектилердин бардыгын тактагыла, жеке, муниципалдык, стандартка туура келеби же жокпу, муну ачык айтыш керек. Шаардагы мыйзамсыз курулуштарды токтотууга убакыт келди”, — деди шаар мэри Бакытбек Жетигенов.
Жыйындын соңунда тиешелүү тармактарда эрежелердин жана талаптардын сакталышын көзөмөлдөөнү жакшыртуу тапшырмасы берилди.