Ошто мурдагы калкты тейлөө борборлору жабылып, жаңысы пайдаланууга берилди

Бүгүн, 10-ноябрда Ош шаарында жаңы форматтагы Калкты тейлөө борбору ачылды.
Борбор Ош шаарынын Касымбеков көчөсү 8г/1 дареги боюнча жайгашкан.
“Калкты тейлөө борбору 1 300 м2ден ашык аянтты ээлейт. Бул узун кезектердин алдын алат. Күнүнө 1 000ден ашык адамды тейлөөгө мүмкүнчүлүк бар”,-деди санариптик өнүктүрүү министринин орун басары Айдарбек Мамкеткадыров.
Ошондо бул борбордун ачылышы менен Ленин 318 жана Раззаков 2 даректеринде жайгашкан мурдагы эки калкты тейлөө борбору жабылды.