Ошто мурдагы аялын өлтүрүүгө шектелген жаран кармалды

 Ошто мурдагы аялын өлтүрүүгө шектелген жаран кармалды

Ош шаарында өзүнүн мурдагы аялын бычактап өлтүрүүгө шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматынан билдирди. 

Адам өлтүрүүгө шектүү 1990-жылы туулган Ж.И. коӊшу Өзбекстан Республикасынын Анжиян облусунун аймагынан, жергиликтүү укук коргоо органдары менен биргелешкен издөө иш аракеттеринин натыйжасында өткөн жумада колго түшүрүлүп, Ош шаарына алынып келинди. Учурда анын үстүнөн адам өлтүрүү беренеси (122-берене) менен кылмыш иши тергелүүдө.

“Кылмыштуу окуя Ош шаарынын ушул жылдын 3-октябрында катталган. Шектүү 1990-жылы туулган Ж.А. өзүнүн мурдагы аялын өлтүрүү максатында ал жашаган үйгө барып, аялды бир нече ирет денесине бычак сайып, изин жашырып кеткен. Жабырлануучу 1998-жылы туулган аял окуя болгон жерде көз жумган”, – деп айтылат маалыматта. 

Жанылыктар