Телерадиокомпания

Ошто муниципалдык ишкана жетекчисине сөгүш берилди. Буга ишкананын кызматкери үгүт иштерине аралашканы себеп болгон

 Ошто муниципалдык  ишкана жетекчисине  сөгүш берилди. Буга ишкананын кызматкери үгүт иштерине аралашканы себеп болгон

Бүгүн,  Ош шаарынын мэри Алмаз Мамбетов Ош муниципалдык “Жылуулуккамсыздоо” ишканасынын жетекчиси   Бекмурза Эргешовго сөгүш жарыялады.  Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын басам сөз кызматы кабарлады.

Буга аталган ишкананын кызматкери үгүт иштерине аралашканы себеп болгон. Жетекчиге КР Президентинин 2021-жылдын 1-ноябрындагы “2021-жылдын 28-ноябрында КР ЖК депутаттарын шайлоону эркин, таза жана ачык-айкын өткөрүүнү камсыз кылуу боюнча чаралар жөнүндө” Жарлыгынын талаптарын аткарууга жоопкерчиликтүү мамиле жасабагандыгы үчүн тартиптик жаза берилди.

Ишкананын башка тийиштүү кызматкерлерине чара көрүү тапшырмасы коюлду.

Жанылыктар