Ошто муктаж болгон 40 миң үй бүлөөгө ун жана май берилет

Орус өкмөтүнүн колдоосу менен берилип жаткан гуманитардык жардамдын кезектеги партиясы Ошко алынып келинди. 2 вагон менен 135 тонна байытылган ун келип, аны Россия Федерациясынын Ош шаарындагы башкы консулу Андрей Бибишев тапшырды. Учурда гуманитардык жүк БУУнун Бүткүл дүйнөлүк азык-түлүк программасынын Бишкек жана Ош шаарларындагы кампаларына түшүрүлдү.
Жардам азык-түлүк коопсуздугун жакшыртуу боюнча улуттук программа аркылуу 40 миң үй-бүлөгө жана 78 миң бала окуган мектептерге таратылат. Ар бир жардамга муктаж болгон үй-бүлөгө үч каптан ун жана 15 литр өсүмдүк майы берилет.
Долбоор коомчулуктун социалдык жана экономикалык туруктуулугун жогорулатууга жана калктын аярлуу катмарынын азык-түлүк коопсуздугун бекемдөөгө багытталат. Жыл аягына чейин дагы 1800 тонна ун келери күтүлүүдө.