Ошто мугалимдердин тажрыйбасын арттырууга багытталган конференция өтүүдө

Ош шаарында англис тили предмети боюнча мугалимдердин методикасын жана билим денгээлин жогорулатуу боюнча конференция өтүп жатат. Бул тууралуу кабарчыбыз Исхак Туратбеков кабарлады.
Иш-чарада дүйнө жүзүнө белгилүү болгон “Тесол” методикасы келген мугалимдерге үйрөтүлүүдө. Кыргызстандагы айыл аймактарга бул методиканы жайылтуу негизги максат болуп саналат.
Конференцияга Америка, Өзбекстан жана Казакстандан тренерлер келген. Алар “Тесол” методикасы , балдардын критикалык ой жүгүртүүсү боюнча кенен маалымат беришүүдө.
Иш-чарага катышууга алыскы айылдардан 180 адам келди, 800дөн ашуун адам онлайн форматта каттылып, катышууда.
Белгилесек, конференция эки күнгө созулат.