Ошто милицияга бычак сайган жаран кармалды

 Ошто милицияга бычак сайган жаран кармалды

Ош шаарында милиция кызматкерине бычак сайган жаран кармалды. Бул туурасында шаардык милициядан билдиришти.

Маалыматта айтылгандай, ушул жылдын 13-ноябрынан 14-ноябрына караган түнү Ош шаарынын Ленин көчөсүндө бара жаткан «Дэу-Матиз» үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу алкоголдук ичимдиктерди ичүүгө шектүү катары токтотулган.  Натыйжада шаардык ички иштер башкармалыгы боюнча милициянын кайгуул кызматынын кызматкерлери  айдоочунун мастыгын толук аныктоо үчүн наркологиялык борборго алып барууга аракет жасап жаткан учурда, автомашинада отурган жүргүнчү милиция кызматкерине каршылык көрсөтүп, бычак менен милиция кызматкерине кол салган.

Мунун айынан милиция кызматкеринин оӊ колунун алаканын бычак кесип кеткен.

Бул иш боюнча «Дэу-Матиз үлгүсүндөгү автомашинанын жүргүнчүсү 1998-жылы туулган, Кара-Суу районунун тургуну Ш. уулу Н. кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Наркологиялык экспертиза тарабынан айдоочунун жана анын жүргүнчүсүнүн алардын алкоголдук ичимдиктерди ичип алгандыгы тастыкталды.

 

Нуржамал Баргыбаева

https://oshtv.kg/

Жанылыктар