Ошто милиция жетекчисинен токмок жегенин айтып чыкты

 Ошто милиция жетекчисинен токмок жегенин айтып чыкты

Ош облусунун Ноокат районундагы аймактык милициянын кызматкери Максатбек Аваз уулу жетекчиси тарабынан ур -токмокко алынганын айтып чыкты.

Анда Ноокат райондук милициясынын начальниги кызматта натыйжалуу иш алып барбайсын деп, кызматтан кетүүсүн талап кылган. Жетекчинин аракети муну менен токтобой, коллективтин алдында ургандыгын да билдирди.

Буга карата кызматкер мыйзамдын негизинде иштеп жатканын жана аймакта кылмыштуулук катталган эместигин жүйө келтирген. Мындан улам Максатбек Аваз улуу ички иштер министри Улан Ниязбековго кайрылууга аргасыз болгон.

Видео кайрылуусу социалдык тармакта тарап талкууга алынууда. Ал эми Оштв телеканалы аталган кызматкер менен байланышканда учурда ооруп жатканыдыгын жүйө келтирип кийин маалыамт берерин убадалады. Ал эми облустук милициянын басма сөз кызматы учурда ички иликтөө жүрүп жатканын жана жыйынтыгы менен юридикалык баа берилерин билдирди.

Жанылыктар