Ошто милиция кызматкери пара алып жатып кармалды

Ош ШИИБнин уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү бөлүмүнүн ыкчам кызматкери, милициянын майору К.Т.Т. кармалды,- деп билдирет КР Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин (УКМК) басма сөз кызматы.
Жүргүзүлгөн иш-чаралардын алкагында ыкчам кызматкери 1500 миң АКШ доллар өлчөмүндөгү акча каражатын талап кылуу фактысы аныкталды. Ушул жылдын 18-майында Кара-Суу районунун аймагында көрсөтүлгөн сумманын 20 миң сом өлчөмүндөгү бир бөлүгүн алып жаткан жеринен колго түшүтү.
Азыркы учурда тиешелүү тергөө амалдар уланууда.