Ошто милиция өзгөчө оор кылмыш жасаган шектүү жаранга издөө салынды

 Ошто милиция өзгөчө оор кылмыш жасаган шектүү жаранга издөө салынды
Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын кылмыш иликтөө бөлүмү тарабынан өзгөчө оор кылмыш жасоого шектүү Төлөгөн Мадановго издөө жарыяланды. Шаардык милициядан билдиришкендей, издөөгө алынган жаран Өзгөн районунун Ийри-Суу айылынын 1986-жылы туулган тургуну.
Изделип жаткан жарандын белгилери: бою 170-175 сантиметр, кара тору, толмоч, чачтары кыска алынган.
Кылмыш жасаган учурда кийип жүргөн кийимдери: көк түстөгү кепка, кара түстөгү кышкы күрмө, көк түстөгү жынсы шым.
Өзгөчө белгисисол кашынын үстүндө бармак басымдай калы бар.
Эгерде Төлөгөн Мадановду көрүп, билгендер же кандайдыр бир маалымат билгендер болсо кабар берип коюуну Ош шаардык ички иштер башкармалыгынан өтүнүшөт. Маалымат берген тарап жашыруун бойдон калат.

Байланыш номерлери: 0501-15-07-07, 0554-65-65-65, 0777-45-96-78.

 

Жанылыктар