Ошто мектептеги акча жыйноо боюнча чара көрүлөт

Ош шаарынын мэринин орун басары Нурбек Кадыровдун катышуусунда билим берүү башкармалыгы жана мектеп директорлору менен жыйын өткөрүлдү.
Жыйында акыркы учурларда социалдык тармактарда талкуу жарткан мектеп директорунун туулган күнүнө карата акча чогултуу, билим беруу башкармалыгынын бухгалтериясында акчаны кымырып алуу сыяктуу окуялардын орун алуусу жана мектептерде ар кандай шылтоо менен акча каражаттарын топтоо маселелери каралды.
Жыйынга укук коргоо органдарынын өкүлдөрү да катышып, мыйзамдуулуктун сакталуусу, коррупциялык көрүнүштөргө жол бербөө боюнча мугалимдерге так жана туура маалымат жеткирүү, түшүндүрүү иштерин жүргүзүү эскертилди.
Эгерде аталган маселелер боюнча фактылар катталып же кимдир бирөөнүн тиешеси бар экени аныкталса мыйзам чегинде тиешелүү чаралар көрүлөрүн айтышты.
Ошондой эле билим берүүнүн сапаттын жогорулатуу жана жаш өспүрүмдөр арасында укук бузуулардын алдын алуу боюнча тапшырмалар берилди.