Ошто медреседе 12 жаштагы бала катуу сабалганы аныкталды

 Ошто медреседе 12 жаштагы бала катуу сабалганы аныкталды

Ош облустук милициясы Ноокат районундагы Рауза атындагы медреседе 12 жаштагы бала сабалган маалыматты тастыктап, медресени жабуу боюнча тиешелүү мекемелерге сунуштар жиберилгенин кабарлады.

Белгилүү болгондой, экспертизада 12 жаштагы М.А. денесинен оор жаракат алгандыгы аныкталган.

Ал эми Рауза атындагы медресенин тиешелүү уруксат кагаздары жок болгондуктан ал медресени жабуу боюнча тиешелүү мекемелерге сунуштар жиберилди.

Тергөө амалдарынын жүрүшүндө жабырлануучуну 13 жаштагы балдар сабаганы аныкталды. Алардын жаш курагына байланыштуу (Кылмыш-жаза кодексинин 28-беренесинин 2-бөлүмүндө кылмыш жасаганга чейин жашы 14кө толгон бала кылмыш жаза жоопкерчилигине тартылууга тийиш деп көрсөтүлгөн) кылмыш иши өндүрүштөн кыскартылган.

Ошол эле учурда кылмышка шектүүлөр атайын каттоого алынып, алардын ата-энелерине Укук бузуулар жөнүндөгү кодекстин 102-беренесинин 2-бөлүмүнүн (“Ата-энелик милдеттерден качуу”) негизинде айып пул салынган.

Нуржамал Баргыбаева

https://oshtv.kg/

Жанылыктар