Ошто мас болуп, көчөдө чыр салган милиция кызматкери иштен айдалды

Ош шаарындагы көчөлөрдүн биринде мас абалында чыр салган милиционер кызматтан алынды. Бул тууралуу шаардык милициянын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, 17-майда айрым интернет булактарында милиция кызматкери жарандарга орой мамиле жасаган видео тараган. Анда милиция кызматкеринин жүрүм-турумунан анын мас абалында экендигин байкоого болот. Ыкчам жүргүзүлгөн текшерүүдөн соң ал Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын кызматкери экендиги аныкталган.
Аталган милиционер ички иштер органдарынын кызматкерлеринин кадыр-баркына доо кетирип, кызматтык тартипти одоно түрдө бузгандыгы үчүн 18-майда Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын буйругу менен иштен алынды.
Иликтөө иштеринин жыйынтыгында аталган кызматкер 17-майда эрте менен нөөмөт бөлүмүндөгү кызматын аяктап, үйүнө бара жатып алкоголдук ичимдик ичип алгандыгы жана коомдук тартипти бузгандыгы аныкталды.