Ошто мөөнөтү өтүп кеткен 2 тоннадан ашык азык-түлүк аныкталды

 Ошто мөөнөтү өтүп кеткен 2 тоннадан ашык азык-түлүк аныкталды

Ош шаарындагы дүкөндөрдө мөөнөтү өтүп кеткен жана талапка жооп бербеген эки тоннадан ашык азык-түлүк аныкталды.

Ош шаардык санитардык эпидемиологиялык көзөмөл бөлүмүнүн башчысы Гүлжан Жээнбаева билдиргендей, бүгүн эрте менен калаадагы азык-түлүк саткан дүкөндөргө рейд жүргүзүлө баштаган. Саат 14:00го карата мөөнөтү өтүп кеткен эки тоннадан ашык азык-түлүк аныкталган.

«Рейд бүгун кечке чейин уланат. Эрте дагы улантабыз. Азыр 82 дүкөндү аныктадык. Ар кандай азык-түлүктөрдү текшерип жатабыз. Алардын арасында кодитердик креми менен торт, таттуулар чыгып жатат. Көпчүлүгү таңгакталган эмес, сактоо мөөнөтү жок жана күндө сакталган азык-түлүктөр экен»,- деди Жээнбаева.

Ал кошумчалагандай, мөөнөтү өтүп кеткен азык-түлүктөр бүгүн кечинде шаардагы таштанды талаасына алып барылып жок кылынат.

Эске сала кетсек, кечээ 2-майда Ош шаарында таттуу токочтон уланып,  33 адам ооруканага түшкөн.

Жанылыктар