Ошто кызмат адамдары мамлекетке 1,9 миллион сом зыян келиргени аныкталды

 Ошто кызмат адамдары мамлекетке 1,9 миллион сом зыян келиргени аныкталды

Ошто мамлекеттик мүлк мыйзамсыз ижарага берилгендиги аныкталып, айрым кызмат адамдарына кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу беренси менен кылмыш иши козголду.

Башкы прокуратуранын басма сөз кызматынан билдиргендей, мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун Ош, Баткен облустары жана Ош шаары боюнча өкүлчүлүгүнүн кызмат адамдары аталган мекемеге караштуу мамлекеттик имаратты аукциондон өткөрүүдөн качып, мамлекетке түшө турган пайданы атайын азайтып, жеке жактардын атынан жасалма келишимдерди түзгөн.

“Өздөрүнө пайда табуу максатында “А.Т.” жеке мектебине, жеке жана юридикалык жактарга ижарага беришип, мамлекетке 1 млн 964 миң 373,71 сомдук ири өлчөмдө зыян келтирилгендиги аныкталган”,- деп айтылат маалыматта.

Учурда тергөө амалдары жүрүп жатат.

Жанылыктар