ОшТВ телерадиокомпаниясы

Ошто кургак учук менен ооругандардын саны эки эсеге кыскарды

 Ошто кургак учук менен ооругандардын саны эки эсеге кыскарды

Түштүк аймагындагы эң ири медициналык мекеме болгон Ош облустук кургак учукка каршы күрөшүү борборунундагы 440 орундук 225ге чейин кыскарды.

Оорукананын башкы дарыгери Кылычбек Истамов бул көрсөткүчтүн эң негизги себеби калктын саламаттыгынын жакшырганын белгиси экендигин белгиледи. Анын айтымына караганда, облус боюнча өткөн жылы жаш балдар арасында кургак учук илдети катталган эмес. Ошол эле учурда туруктуу кургак учук менен жабыркап келген бейтаптардын саны өткөн жылга 168ди гана түзгөн.

“Өлүмдүн саны 8 эсеге азайды. 14 жашка чейинки балдардын көрсөткүчүн карасак, 2000-жылдары 100 миң адамдан 92 оорулуу катталса, 2020-21-жылдары беш эле оорулуу катталды. Ал эми өспүрүмдөрдүн көрсөткүчү да кескин төмөндөгөн”,- деди Истамов.

Ал кошумчалагандай, кургак учукка каршы күрөшүү борборунун алыскы райондорундагы бөлүмдөрү оптимизациялоого өткөрүлүп, адистер башка ооруканаларга жаңы жылдан тарта которулган.

Өлкө аймагында 10 жыл ичинде кургак учукка кабылган жарандардын саны 8 эсеге азайып, дартты дарылаган ооруканалардын бөлүмдөрү жабылды.

Жанылыктар