Ошто коомдук жайларда сорттоочу урналар орнотула баштады

 Ошто коомдук жайларда сорттоочу урналар орнотула баштады
Ош шаарындагы коомдук жайларга “Ош-Тазалык” ишканасы тарабынан жаңы сорттоочу урналарды орнотуу иштери башталды. Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз кызматы билдирди.
Орнотуу учурунда адамдар көп жүрүүчү жерлерге өзгөчө көңүл бурулат: коомдук транспорт аялдамалары, парктар, сейил бактар.
Долбоордун негизги максаты – калк арасында таштандыларды сорттоону калыптандыруу. Бүгүнкү күндө 5 жерге сорттоочу урналар коюлса, алдыда билим берүү мекемелеринин жанына, эс алуучу жайларына урналарды орнотуу пландалууда.
Белгилей кетсек, бул иштер “Ош-Тазалык” ишканасынын жетекчиси Нурбек Исмаиловдун демилгеси менен шаардагы тазалыкты жана тартипти сактоо максатында колго алынууда.

Жанылыктар