Ошто кичи автобустардын кечки 7ден кийинки каттоосуна көзөмөл жүрөт

 Ошто кичи автобустардын кечки 7ден кийинки каттоосуна көзөмөл жүрөт

Кечээ кечинде Ош шаарында кичи автобустардын кечки саат 19:00дөн кийинки каттоосун көзөмөлгө алуу үчүн рейд жүрдү. Анын журушундо вице-мэр Сонунбек Жунусбаев жана тийиштүү тармактардын жетекчилери биргеликте коомдук транспорттор токтоочу аялдамаларга барып, кичи автобустардын каттамын текшерүүгө алды. Анда интервалда белгиленген убакыт сакталып жатканына байкоо салынды.

Бүгүнтөн башталган рейд бир ай бою улантылат. Анда элди тейлеген жоопкерчилиги чектелген компаниялардын кечкисин   каттамга чыккан, чыкпаганына  көзөмөл жүрөт.

Кечки 21:00гө чейин айдоочуларды камсыз кыла албаган компаниялар менен түзүлгөн келишим бузулат.

Кошумчалай кетсек, Ош шаарында 1-декабрдан баштап кичи автобустарга болгон тариф  15 сомго көтөрүлгөн. Бирок шаардыктар тарабынан кечкисин айдоочулар каттамга чыкпай  жатат деген нааразычылыктар айтылып келген.  Буга байланыштуу  шаар мэриясы бул маселени чечүү аракетин көрүүдө.

Жанылыктар