Ошто казиного каршы акция өтүп жатат

 Ошто казиного каршы акция өтүп жатат

Бүгүн, 30-майда Ош шаарынын борбордук аянтында казинонун ачылышына каршы акция өтүп жатат. Ага шаардагы тургундар жана активисттер катышып жатат.

Чогулгандар кумарканалардын элге тийгизе турган кесепеттери тууралуу айтышып, бийлик өкүлдөрүнө кайрылышты.

Жогорку Кеңеш чет элдик жарандар үчүн казино ачууга жол берген мыйзам долбоорун биринчи окууда колдогон.

Кумарканаларды юридикалык жактар, анын ичинде чет өлкөлүктөр ача алат. Кыргызстандын жарандарына жана 21 жашка чыга элек чет өлкөлүктөргө кирүүгө тыюу салынат.

Каржылык көзөмөл кызматынын башчысы Улан Сарбановдун айтымында, курманканалар үчүн салык жыл сайын көтөрүлүп, болжол менен казынага 2022-жылы 1 млрд. сомдон ашык, 2024-жылы 2 млрд. сомдон ашык каражат түшөт.

 

Жанылыктар