Ошто калктын аярлуу катмарына акысыз ун таратылууда

Ош шаарында калктын аяр катмарына акысыз ун таратылып жатканын шаардык мэрия басма сөз кызматы билдирди.
Мамлекеттик материалдык резерв фонду тарабынан калаанын аярлуу катмарына колдоо көрсөтүү максатында 2 827 мүшөк (141,35 тонна) ун бөлүнгөн.
Учурда 7 муниципалдык аймактык башкармалыктардан социалдык жактан аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө бир мүшөктөн берилип жатат.
Тизмени тактоо жана таратуу боюнча ар бир МАБда комиссиялар түзүлгөн.