Ошто калем саптын капкагын жутуп алган биринчи класстын окуучусу каза болду

 Ошто калем саптын капкагын жутуп алган биринчи класстын окуучусу каза болду

Сүрөт интернеттен алынды

Ош шаарындагы мектептердин биринде биринчи класстын окуучусу калем саптын капкагын жуиуп алып каза болду. Бул тууралуу маалыматты Ош шаардык билим берүү башкармалыгынын башчысы Салтанат Юсупова ырастады.

«Бул окуя №48 мектепте болду. Каза болгон окуучу 1-класстын окуучусу болчу. Сабак бүткөндө мектептен чыгып баратканда курткасын кийип жатып, ручканын капкагын оозуна салып турган экен. Ал учурда каза болгон баланын апасы баласын мектептен алып кетүү үчүн келген. Окуя болгон учурда апасы да, мугалими да, директор да ошол жерде экен. Эч кандай жардам бере алышпаптыр. Тез жардам кызматы алып бара жатканда, жарым жолдо каза болуптур», – деди Юсупова.

Бул окуя боюнча тергөө амалдары жүрүп жатканын Ош шаардык ички иштер башкармалыгы билдирип, ата-энелер балдарына коопсуздук эрежелерин айтып турууну эскертти.

Жанылыктар