Ошто Кадыр Досоновдун кылмыштуу тобунун мүчөсү кармалды

Ош облусунун Өзгөн районунда Кадыр Досоновдун “Женго” деген кайманы ат менен белгилүү уюшкан кылмыштуу тобунун активдүү мүчөсү О.Н.Ж. жана анын шериктери кармалды.
Бул туурасында УКМКдан билдиришти.
О.Н.Ж. кылмыш-жаза кодексинин 170-беренеси (Адам уурдоо) боюнча кылмыш жасагандыгы үчүн Баткен райондук соту тарабынан 2021-жылы издөөгө алынган.
Кармалган адам Баткен районунун убактылуу кармоочу жайына киргизилип, иликтөө иш-чаралары уланууда.