Ошто күчү 4 баллга жеткен жер титирөө катталды

 Ошто күчү 4 баллга жеткен жер титирөө катталды

Кыргызстандын аймагында күчү 4 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул туурасында Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти. 

Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, жер титирөө 19-октябрда саат 16:09та Ош облусунун аймагында катталып, очогунда күчү 4 баллга жеткен.

Жер титирөө Өзгөн районунун Салам-Алик, Байбиче, Кара-Дөбө айылдарында 3 баллга жана Жерге-Тал айылында 2,5 баллга чейин сезилген.

Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

Нуржамал Баргыбаева

https://oshtv.kg/

Жанылыктар