Ошто июнь окуясында каза болгондор эскерилди

Бүгүн, 10-июнда Ош шаарында 2010-жылы өткөн каргашалуу июнь окуясы эскерилип, митинг-реквием өттү. Бул тууралуу президенттин Ош облусундагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы кабарлады.
Маалыматка ылайык, иш-чарага жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жана июнь окуясында курман болгондордун жакындары катышты.
Митингде Ош облусунун башчысы Зиядин Жамалдинов сөз сүйлөп, катышуучулар «Энелердин көз жашы» мемориалына гүл коюшту. Андан соң каза болгондордун арбагына багышталып куран окулду.