Ошто инвестиция тартып берем деп 7 млн сомго алдап кеткен жаран кармалды

 Ошто инвестиция тартып берем деп 7 млн сомго алдап кеткен жаран кармалды

Ошто инвестиция тартып берем деп 7 млн сомго алдап кеткен жаран кармалды. Бул тууралуу ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынан билдирди.

Маалыматка ылайык, 43 жаштаны А.Р аттуу жаран Араван районунун тургуну менен Ош шаарында “араб өлкөлөрүнөн инвестиция тартып, районго бала бакча, тигүүчү цех, спорттук комплекс, газоблок чыгаруучу цех ачабыз, 1 300 000 (бир миллион үч жүз миң) долларлык инвестиция тартабыз деп ишеничине кирип, 7 040 000 (жети миллион кырк миң) сом өзгөчө ири өлчөмдөгү акчасын алдап алып,  ал акчаны өз кызыкчылыгына иштетип жиберген.

Жыйынтыгында Араван районунун тургунуна 7 040 000  (жети миллион кырк миң) сомдук өзгөчө ири өлчөмдө материалдык жактан зыян келтирилген.

Факты боюнча кылмыш иши козголгон. Шектүү  ушул жылдын 14-февраль күнү кармалып, убактылуу кармоочу жайына  киргизилген.

Учурда шектүү жарандын башка жарандарды дагы ушундай ири суммага алдап кеткендиги тууралуу ыкчам маалыматтар келип, алар текшерилүүдө. Эгерде бул шектүүдөн жабыркагандар болсо 03222-4-82-82 жана 102 телефондору аркылуу байланышып коюуну суранабыз.

Жанылыктар