Ошто “Эне тилим — менин дилим” аттуу жаштар акциясы өттү

 Ошто “Эне тилим — менин дилим” аттуу жаштар акциясы өттү

Бүгүн, 20-февраль күнү Султан Ибраимов атындагы Ош улуттук драма театрынын жанындагы аянтчада Эл аралык эне тил күнүнө карата иш-чаралардын алкагында “Мен кыргыздын жараны” деген ураан алдында “Эне тилим — менин дилим” акциясы өттү.

Акциянын алкагында шаар жаштары, ар улут өкүлдөрү жөө жүрүш жасашты.

Ошондой эле шаардык маданият башкармалыгы тарабынан уюштурулган концерттик программа тартууланды.

Чогулгандарды Эл аралык эне тил күнү менен Ош шаарынын мэриясынын өкүлдөрү, Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын мамлекеттик тилди өнүктүрүү боюнча облустук башкармалыгынын башчысы Алмагүл Тилекматова, шаардагы жогорку жана орто атайын окуу жайлардын, жаштардын өкүлдөрү куттукташты.

Бул күн 1999-жылы ЮНЕСКО эл аралык уюмунун 30-сессиясында белгиленген. 2000-жылдан бери тил жана маданий түрдүүлүккө көмөк көрсөтүү максатында 21-февралда белгиленип келет.

Жанылыктар