Ошто эл жана турак-жай фондун каттоо боюнча отурум өттү

Бүгүн 8-декабрь күнү Ош шаарында 2022-жылы эл жана турак-жай фондун каттоо боюнча мэриянын комиссиясынын отуруму өттү. Ага калаа мэри Алмаз Мамбетов, шаардык мамлекеттик статистика башкармалыгынын, муниципалдык аймактык башкармалыктардын, күч органдарынын жана тийиштүү мамлекеттик муниципалдык ишканалардын жетекчилери катышты.
Эл жана турак жай фондун каттоо 2020-жылы өткөрүлүш керек эле. Бирок, пандемияга байланыштуу жылдырылып, 2022-жылдын 25-мартынан 3-апрелине чейинки убакта өткөрүү чечими кабыл алынды.
Кыргыз Республикасы көз карандысыздыкты алгандан кийин биринчи улуттук эл каттоо 1999-жылы өткөрүлгөн – анда 4,8 миллион адам катталса, акыркы жолу 2009-жылы – 5,3 миллион адам катталган. Каттоо документтерине жынысы, жашы, этникалык тиешелүүлүгү, туруктуу жашаган жери, каттоо учурунда жашаган жери жана бул дарек боюнча жайгашкан убактысы, жумуштуулук формасы, киреше булагы жана башка ушул сыяктуу суроолор киргизилет.
Акыркы каттоодо Ош шаарында 327 мин жаран каттоодон өткөн. Анын 52 пайызы кыргыздар, 42,5 пайызы өзбектер, 4 пайызы орусстар калганы башка улуттун жарандары.