Ошто «Ээлүү» аталышындагы заманбап искусство көргөзмө өтүп жатат

20 — февралдан 1- мартына чейин Ош облустук Т.Садыков атындагы Көркөм сүрөт музейинде философ, дизайнер жана арт менеджер Миррахим Опоштун, «БАШАТ» стипендиялык программасынын алкагында, көркөм образдар коюлган «ЭЭЛҮҮ » аталышындагы жеке көргөзмөсү өтүүдө.
Көргөзмөдө, Миррахим Опош — кыргыз элинин дүйнөгө көз карашынын, руханий маданиятынын жана салттуу маданиятынын элементтерин тогуз көркөм образ жана инсталляция аркылуу чагылдырат.
Көргөзмөнүн максаты — киши заты менен Жер эненин (табияттын) руханий тыгыз байланышына жана азыркы экологиялык көйгөлөргө коомчулуктун көңүлүн буруу, климаттык өзгөрүүлөрдүн жакшы нукта чечүлүүсүнө өбөлгө болуу. Ата — бабалардын мурасын сактоо жана жайылтуу болуп саналат.
Көргөзмө «Арга Билиг » фондусунун, «Түптүү элдердин аксакалдар кеңешинин » жана Элетти Өнүктүрүү Фондунун (RDF) колдоосуна уюштурулуп жатат.