Ошто добуш сатып алууга байланыштуу 5, админресурс колдонуу боюнча 11 арыз катталды

 Ошто добуш сатып алууга байланыштуу 5, админресурс колдонуу боюнча 11 арыз катталды

Ош облусунда 28-ноябрда, саат 18:00ге карата добуш сатып алууга байланыштуу беш, административдик ресурс колдонуу боюнча 11 арыз-даттануу катталды. Бул тууралуу ОИИБнын басма сөз кызматы билдирди.

Учурда Араван, Алай, Кара-Кулжа, Кара-Суу, Ноокат, Өзгөн райондук ички иштер бөлүмдөрүнүн жана облустук милициянын кызматкерлери коомдук коопсуздукту жана тартипти көзөмөлдөөдө. Жалпы 515 шайлоо участогуна 1500ден ашуун милиция кызматкери бөлүнгөн.

Мындан сырткары 25 документтештирүү тобу, 200гө жакын ыкчам-тергөө тобу күчөтүлгөн тартипте иштеп жатат. Коомдук тартипти көзөмөлдөөгө 600гө жакын элдик кошуун өкүлдөрү жана 100гө жакын милициянын ардагерлери көмөктөшүүдө.

Жанылыктар