Депутат Ош мэриясындагы вице-мэрлердин санын кыскартууну сунуштады

Ош шаардык кеңешинин депутаты Данияр Абдуллаев мэрияга сунуш берип, бир канча ишканалардын санын кыскартып, оптиимизацияга баруу керектигин билдирди. Ал мындай кадам менен мэрия жылына жүз миллион сомго чейинки каражатты үндөмдөсө болорун айтты.
Эл өкүлүнүн айтымына караганда, вице-мэрлердин санын да кыскартуу керек. Учурда Ош шаарына үч эле вице-мэр жетиштүү.
«Жаштар комитети, спорт, маданият, китепкана тармактарын бириктириш керек. Дагы эки поликлиника бар. Андан кийин бир штат вице-мэрди кыскартыш керек. Аны кайсынысын каякка бөлүштү мэр өзү чечет. Үч вице-мэр болсо шаарга болот. Ошондо Ош шаарында жүз миллион сомго чейин бюджетке кошумча каражат тапса болот»,- деди Абдуллаев.
Абдуллаевдин сунушун шаардык кеңештин депутаттарынын 24ү макул, 12си каршы деген добуш беришти.