Ошто дайынсыз болуп жаткан 71 жаштагы кемпирдин жансыз денеси суудан табылды

 Ошто дайынсыз болуп жаткан 71 жаштагы кемпирдин жансыз денеси суудан табылды

Ош облусунун Алай районуна караштуу Гүлчө айылында бир канча күндөн бери дайынсыз болуп жаткан 71 жаштагы кемпирдин жансыз денеси суудан табылды. 

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиргендей, издөө иштеринин жыйынтыгында бүгүн, 18-январь саат  11:10дө дайынсыз жоголгон кемпирдин жансыз денеси табылып, милиция кызматкерлерине өткөрүлүп берилген.

Буга чейин жергиликтүү тургундар өз алдынча издөө иштерин жүргүзүшүп, аталган жарандын кийимдерин Гүлчө суусунун жээгинен табышкан. Жаранды издөө иштери тынымсыз уланып 4 куткаруучу, 15 милиция кызматкери жана 3 жергиликтүү тургун тартылган.

Жанылыктар