Ошто дагы бир кооперативге нааразы болгондор акцияга чыгышты

 Ошто дагы бир кооперативге нааразы болгондор акцияга чыгышты

Бүгүн, 22-мартта Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын алдына Ош, Жалал-Абад жана Баткен облусунан келген жарандар чогулуп, Биринчи турак-жай кооперативине нааразычылык билдиришти. 

Чогулгандар коперативден үй алып берүү же акчаны кайтарып берүү талабын коюшту.

“Биз бул кооперативге акча төккөнүбүзгө 4-5 жыл болуп жатат. 2018-жылдан бери жүрөбүз. Биздин акчабызды төктүрүп учурда акчабыз же үйүбүз жок. Алты пайыз деп жатат. Биз төлөгөн алты пайыз эмес, биздин колубузга тие элек акчанын алты пайызы болуп жатат. Бизди убагында башкарып турган Сайида Турдукулова, Бердияр Исматиллаев жана Жанарбек Сатыкеевден биз биздин ишибизди жакшы жакка чечип беришин талап кылабыз”,- деди

Милициянын басма сөз катчысы Замир Сыдыков билдиргендей, Биринчи турак-жай кооперативинин үстүнөн 28 жаран арыз жазган. Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

“Жалпы 28 арыз бар. Алар маалыматтардын электрондук журналына катталып, иликтөө тергөө иштери жүрүп жатат. Бишкек шаарында дагы булардын башкы офисинде отурган эки жаран да алынып келинип, сурак иштери жүрүп жатат.  Негизинен алдамчылык беренеси менен бизге катталып, иликтөө, тергөө иштери жүрүп жатат. Кандайдыр бир жыйынтык чыгарып айтууга али эрте, тергөө кызматы тиешелүү иш-чараларды өткөргөн соң Ош шаардык сотуна кароо үчүн жөнөтүлөт”,- деди Сыдыков.

Жанылыктар