Ошто Чернобыль апаатынын курмандыктары эскерилди

 Ошто  Чернобыль апаатынын курмандыктары эскерилди
Ош шаарындагы “Чернобыль курмандыктары” эстелигинин алдында Чернобыль АЭСиндеги кырсыктын кесепетинен каза болгондорду жана жабыркагандарды эскерүү митинг-реквиеми өттү.
Ага Ош шаарынын вице-мэри Венера Рыскулова, КР Президентинин Ош облусундагы өкүлүнүн орун басары Данияр Жаныкулов, шаардык кеңештин депутаты Болот Баетов, Чернобыль АЭСиндеги авариянын кесепеттерин жоюунун ардагерлери, курман болгондордун үй-бүлөлөрү жана шаар тургундары катышты.
Иш-чаранын алкагында эстеликке гүлчамбарлар коюлуп, катышуучулар бул трагедияда каза болгондорду эскеришти. Бүгүнкү күндө шаарда Чернобылдагы аварияны жоюуга катышкан 34 адам жашайт.
Эске салсак, 1986-жылдын 25-апрелинен 26-апрелине караган түнү ХХ кылымдын эң ири техногендик апааты – Чернобыль АЭСинин төртүнчү энергоблогунда авария болгон. Жыл сайын 26-апрелде Ош шаарында Чернобыль апаатынын курмандыктары эскерилет. Чернобыль атомдук электр станциясындагы кырсыкка быйыл 36 жыл толду.

Жанылыктар