Ошто чөнтөк уурулукка шектелген эки жаран кармалды

 Ошто чөнтөк уурулукка шектелген эки жаран кармалды

Ош шаардык ички иштер башкармалыгы чөнтөк уурулукка шектелген эки жаранды кармады. Бул тууралуу милициянын басма сөз кызматынан билдирди. 

Маалыматка ылайык, шектүүлөр Ош шаарындагы коомдук жайларда, коомдук транспорттордо жарандардын чөнтөгүнө кол салышып, акча жана уюлдук телефонун уурдап, арзан баада жайма базарда өткөрүп турушкан.

“Тактап айтканда, ал 2022-жылдын 31-январь күнү саат 15:30 чамасында Ош шаарынын дүкөндүн алдында токтоп турган “Портер”  үлгүсүндөгү  унаадан  “Самсунг А-10”  үлгүсүндөгү уюлдук кол телефонун жашыруун түрдө уурдап алып окуя болгон жерден изин жашырып качып кетишкен. Ушундай эле жол менен дарыканалардын бирине кирип, сатуучу башка кардарлар менен алаксып калган учурда анын баасы 12000 сомдук  “Редми” үлгүсүндөгү телефондорун уурдап чыгып кетишкен. Уурдалган телефондордун канчалык кымбат экендигине карабастан аларды 1500-2000 сомго гана сатышкан”, – деп билдирди милициядан.

Милицияга кармалган эки жаран боюнча эки арыз түшүп, шектүүлөрдүн үстүнөн КЖКнин 205-ст. 2-б., белгилери менен сотко чейинки өндүрүш иши ачылып, тергөө иштери уланып жатат. Учурда кылмышка шектүү эки жаран убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Шектүүлөр бири Жалал-Абад облусунун Сузак районунда туулган М. Б аттуу 38 жаштагы жаран. Ал мурда беш жолу соттолгон. Туруктуу иштеген жери жок. Ажырашкан. Экинчиси 29 жаштагы Кара-Кулжа районунда туулган А. уулу С аттуу жаран. Ал мурда 2 жолу сот жообуна тартылган. Бойдок.

Ош ШИИБнын Ак-Буура милиция бөлүмү бул шектүүлөрдөн жабыркаган жарандар болсо 03222-6-64-02 телефондору аркылуу байланышып коюну суранат.

Жанылыктар