Ошто бош жумуш орундарга жарманке өтөт

Бош жумуш орундарга арналган жарманке 29-апрель күнү саат 09:00 дө Токтогул Сатылганов атындагы сейил багында өтөт. Бул туурлауу Ош шаардык мэриясынын маалымат кызматы билдирди.
Иш-чара Ош шаарынын мэриясы, Ош шаардык эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгы жана “Аракетчил” жөндөмдүүлүк долбоору менен биргеликте уюштурулууда.
Жарманкеде иш берүүчүлөр учурдагы бүтүрүүчүлөр, жумушсуз жаштар үчүн бош жумуш орундарын, стажировка, ыктыярчылык жана карьералык мүмкүнчүлүктөрдү тартуулашат. Ошондой эле, окуу жайлардын да жарманкеси уюштурулуп, каалоочулар үчүн кесиптик багыт боюнча адистердин кенеши берилет.
Катышуучулар ишканалардын өкүлдөрү менен түз байланышып, өздөрүнүн кызыктырган суроолорун бере алышат жана алар өндүргөн продукциялар менен кенен таанышууга мүмкүнчүлүк алышат деп айтылат маалыматта.
*Байланыш үчүн тел:*
0558080557
0778995997
0773045243