Ошто «Биринчи турак жай» кооперативинин жетекчиси кармалды

 Ошто «Биринчи турак жай» кооперативинин жетекчиси кармалды

Ош шаардык ички иштер башкармалыгы «Биринчи турак жай» кооперативинин башчысы алдамчылыка шек саналып кармалганын билдирди. Милиция тараткан маалыматка ылайык, аталган кооперативге байланыштуу жазылган арыздар ушул жылдын март айынан тартып иликтенип-тергелип жаткан. Ушул тушта материалдык чыгым болжол менен 18 миллион сомдон ашык деп эсептелди.Ошто аталган турак жай кооперативине байланыштуу нааразылык акциялары өткөн.Шаардык ички иштер башкармалыгы «Биринчи турак жай» кооперативине акча берип, үй же салган акчасын ала албай жүргөн жарандарды милицияга кайрылууга чакырды.Турак жай кооперативинин өкүлдөрү азырынча комментарий бере элек.Ушул аптанын башында Бишкекте «Ихсан» турак жай кооперативинин жетекчиси Акинай Бекмурзаева камалып, сот аны 8-сентябрга чейин абакта калтырган.Ички иштер министрлиги ага Кылмыш кодексинин 209-беренеси (алдамчылык) жана 210-беренеси (ишенип берилген мүлктү ээлеп алуу же коротуу) менен айып тагылганын билдирген.

Жанылыктар