Ошто бир нече жолу соттолгон жаран баңгизат менен кармалды

 Ошто бир нече жолу соттолгон жаран баңгизат менен кармалды

Ош облусунда төрт жолу кылмыш жоопкерчилигине тартылган жаран баңгизат менен кармалды. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.

Маалыматта айтылгандай, 20-январда Кара-Суу райондук милициясынын кызматкерлери “Б” аттуу жаран баңгизатты колдонуп, сактап жүргөндүгү туурасында ыкчам маалымат алышкан.

Кийин анын өздүгү такталып, Кара-Суу районунун Отуз-Адыр айыл аймагынын 33 жаштагы С.Б. аттуу тургуну экендиги аныкталды.

Иш-чаралардын натыйжасында кылмышка шектүү Чоң-Алай районунундагы жайлоолордун биринде изин жашырып, качып жүргөн жеринен кармалган. Тинтүү жүргүзүлгөн кезде жанынан кескин жыты бар заттар табылып алынган.

Аталган окуя боюнча кылмыш-жаза кодексинин 283-беренесинин 1-бөлүмүндө “Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатып өткөрүү максатында мыйзамсыз даярдоо” каралган кылмыштын белгилери менен иш козголуп, шектүү убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Кылмышка шектүү буга чейин алдамчылык, жасалма документтерди даярдоо, бейбаштык, баңгизатты ири өлчөмдө сактоо боюнча төрт жолу кылмыш жоопкерчилигине тартылганы кабарланды.

Учурда аталган кылмыш иши боюнча тергөө аракеттери жүргүзүлүп жатат.

Нуржамал Баргыбаева

https://oshtv.kg/

Жанылыктар