Ошто бажы кызматкерлери опузалап пара алуу менен кармалды (видео)

 Ошто бажы кызматкерлери опузалап пара алуу менен кармалды (видео)

“Манас” эл аралык аэропортунун Ош филиалынын бажы кызматкерлери тарабынан Евразия экономикалык биримдигине кирбеген өлкөлөрдөн келген авиакаттамдардын чет өлкөлүк жүргүнчүлөрүнөн ар кандай шылтоолор менен опузалап, пара алуу ишин туруктуу жолго салып алышкан кылымыш аныкталды.

Ыкчам-тергөө иш-чараларын жүргүзүүдө Кылмыш-жаза кодексинин 342-беренесинин 1-бөлүгү (Пара алуу) боюнча каралган кылмыш ишин жасагандыгы үчүн К.С.Ш. кармалып тергөө камак жайына киргизилди. Ал эми А.З.А. үй камагына чыгарылды” – деп билдирет УКМК.

Азыркы учурда аталган кылмыштарды жасоого тиешеси бар кызмат адамдарын аныктоого багытталган иликтөө иштери жүрүп жатат.

Эске салсак, УКМК тарабынан мамлекеттик бийлик органдарында, анын ичинде фискалдык жана контролдук-текшерүү органдарындагы коррупциялык көрүнүштөрдү аныктоо жана бөгөт коюу боюнча иштер улантылып жүргүзүлүп жатат.

Жанылыктар